Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун 10-декабрдагы сессиясында дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алып берди.
Жыйынды алып барган вице-спикер Мирлан Бакиров каттоодон 64 депутат өткөнүн билдирди. Алардын ичинен төрт депутат — Дастан Бекешев, Каныбек Иманалиев, Айсулуу Мамашова жана Наталья Никитенко каршы добуш беришти. Сессияга катышкан калган 60 депутаттын добуш берүүсү менен мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окуудан өттү.
Парламенттик же президенттик башкарууну аныкташ үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров кароого киргизген. Ал долбоорду тиешелүү комитеттин корутундусунан кийин сессияга сунуш кылганын маалымдаган.
Бирок жарандык коом жана бир катар депутаттар Акылбек Жапаров мыйзам долбоорун сессияга алып чыгууда регламент сакталбай, регламент бузулганын айтып жатышат. Алар мыйзам долбоору коомдук талкуудан өтпөй, Конституциялык палатада жана тиешелүү комитетте каралбай туруп мыйзам бузуу менен парламенттин жалпы жыйынына шашылыш киргизилгенин белгилешүүдө.
Акылбек Жапаров мындай сындарга «комитетте булар «кворум чогулта албай атабыз, сурамжылоо жолу менен бүтүрөбүз» дешкен. Ошол жол менен бүтүрүштү» деп жооп берген.
Негизи мыйзам долбоору мурдагы депутат, азыркы башкы прокурор Курманкул Зулушевге таандык, ал башка кызматка кеткендиктен азыр ага Акылбек Жапаров автор катары парламентте алып чыкканын билдирген. Бүгүнкү сессияда Акылбек Жапаров «менин мыйзамым элдин тагдырын чечпейт. Баш мыйзамды өзгөртүүгө 80дей депутат добуш берген» деп айтты.
4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктан улам өлкөдө бийлик алмашкан. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга белгиленген.
Жогорку Кеңеш 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешменин жетекчилиги бүтүмүн 15-20 күндө чыгарып берерин айткан. Бирок кийин өкмөт башчылык кызматты убактылуу өткөрүп берген жана алдыдагы президенттик шайлоого катышканы жаткан Садыр Жапаров шашуунун зарылчылыгы жок экенин айтып, референдумга башкаруу системасын аныктоо тууралуу суроону гана чыгарса туура болорун билдирген.
Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилешүүдө. Ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу, диктатура орнойт деп кооптонушууда. Референдумга каршы активисттер жума сайын нааразылык акциясын уюштуруп жатышат.
Мыйзам долбоорун парламент кабыл алса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум өткөрүлөт.