• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Референдум: БШК 13 үгүт тобун каттады

27 Бештин айы 202014:28 Бишкек Govori.TV

10-январга дайындалган референдумда Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоого карата “каршы” жана “үгүт” топтору катталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалымдашынча, жалы 13 үгүт тобу катталды. Анын ичинде президенттик башкаруу формасы үчүн “макул” деп үгүттөөчү 8, президенттик башкаруу формасына “каршы” – 1, парламенттик башкаруу формасы үчүн “макул” деп үгүттөөчү 2, бардык варианттарга каршы 2 үгүт тобу бар.

Парламенттик башкаруу үчүн «макул» үгүт тобун Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жетектейт. Бардык варианттарга каршы үгүт тобун жарандык активист Рита Карасартова жетектейт.

Мыйзам жалпы элдик добуш берүүнүн алдында референдумга коюлган маселелерди колдогондордун жана каршылардын үгүт тобун түзүүгө уруксат берет. Алар референдумду утурлай парламенттик же президенттик башкарууну тандоо үчүн элди үгүттөшөт.

10-январда Кыргызстандын президентин шайлоо менен чогуу жарандар өлкөнү башкаруу формасын тандашат. Анда шайлоочулар президенттик же парламенттик башкаруу ыкмасын колдой турганын же бардык варианттарга каршы экенин билдириши керек.

Количество просмотров: 48