• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Референдум: Үгүт жүргүзүүчү «макул» же «каршы» тобу БШКдан катоодон өтүп, каржылоо фонддорун түзүү керек

17 Бештин айы 2020 15:52 Бишкек Govori.TV

Үгүт жүргүзүүгѳ катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары референдумга чыгарылган маселе боюнча «макул» тобун же «каршы» тобун түзүүгѳ укуктуу. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, көрсөтүлгөн топтор Борбордук шайлоо комиссиясына каттоо жөнүндө өтүнүч менен кайрылышат, анда топтун мүчөлөрүнүн, ошондой эле топтун атынан аракеттенүүгө ыйгарым укуктуу адамдардын фамилиясы, аты жана атасынын аты, туулган датасы, жашаган жеринин дареги, паспортунун же аны алмаштыруучу документтин сериясы жана номери көрсөтүлүүгө тийиш.

Борбордук шайлоо комиссиясы 10 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен үгүт боюнча топту каттайт.

БШКнын кайрылуусунда айтылгандай, демилге тобу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан катталгандан кийин «макул» тобу, «каршы» тобу финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлүн дайындоого укуктуу. Ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрү дайындалгандан кийин «макул» тобу, «каршы» тобу референдумду демилгелѳѳ, референдум ѳнѳктүгүнүн жүрүшүндѳ үгүт жүргүзүү боюнча ѳнѳктүктү каржылоо үчүн ѳзүнүн фонддорун түзүшѳт.

Референдумга коюлган маселе боюнча үгүт жүргүзүү добуш берүү күнүнө чейин 24 саат калганда аяктайт.

Референдум маселеси боюнча тѳмѳндѳгүлѳрдѳ үгүт жүргүзүлүшү мүмкүн:

Телерадио уктуруу уюмдарынын каналдарында жана мезгилдүү басма сѳз басылмаларынын беттеринде;
Массалык иш-чараларды (чогулуштарды, жолугушууларды, эл алдында дебаттарды жана талаш-тартыштарды, митирнгдерди, демонстрацияларды, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык кѳчѳ жүрүштѳрүн) ѳткѳрүү аркылуу;
басылма, аудиокѳрүү жана башка үгүт материалдары аркылуу.
Мамлекеттик телерадио уюмдары референдумга коюлган маселе боюнча үгүт жүргүзүү үчүн «макул» топко, «каршы» топко бирдей шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.

«Макул» топ, «каршы» топ мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында өздөрүнө обо убактысын акысыз алууга укуктуу. Көрсөтүлгөн обо убактысы теле- жана радио программалар эң көп аудитория чогулуучу — саат 20-00дөн 24-00гө чейинки мезгилге туура келүүгө тийиш.

Мамлекеттик басма сөз басылмаларынын редакциялары референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүү үчүн «макул» топту, «каршы» топту А4 форматынын бир бетинен кем эмес өлчөмүндө акысыз басма сөз аянты менен тең шарттарда камсыз кылууга милдеттүү.

Мамлекеттик эмес мезгилдүү басма сөз басылмалары «макул» топко, «каршы» топко басма сөз аянтын акы төлөө менен тең негиздерде берүүгө милдеттүү. Мында басма сөз аянтынын наркы референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенге чейин 6 айдан мурда алынып келген нарктан ашуусу мүмкүн эмес.

Телерадио уюмдарынын каналдарында обо убактысы «макул» топко, «каршы» топко бирдей негиздерде фонддун өз фондунан акы төлөө менен, ал эми «Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» конституциялык Мыйзамда каралган учурларда акысыз берилет.

Үгүт жүргүзүүгѳ катышуу үчүн басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана шарттары жөнүндө маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүү үчүн басма сөз аянтын берүүгө даяр экендиги жөнүндө кабарлоо менен, референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенден кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2020-жылдын 21-декабрына чейин мезгилдүү басма сөздүн тиешелүү редакциясы тарабынан жарыяланууга тийиш. Борбордук шайлоо комиссиясында аккредитациядан ѳткѳндѳн кийин жалпыга маалымдоо каражаты үгүт жүргүзүүгѳ катышууга укуктуу.

Количество просмотров: 48