• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Референдум: Шайлоочулардын 81,49% президенттик башкаруу системасын колдоду

21 Үчтүн айы 20210:08 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2021-жылдын 10-январында Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо боюнча өткөн референдумдун (бүткүл элдик добуш берүү) расмий жыйынтыгынын протоколун бекитти.

Анда 1 млн. 136 миң 155 шайлоочу (81,49%) «президенттик республика» башкаруу системасына добуш берген. «Парламенттик республика» вариантын колдогондордун саны – 152 081 (10,91%) болду. «Баарына каршы» 62 265 (4,47%) жаран добуш берди.

Жалпы добуш берүү үчүн 3 млн. 563 миң 574 жаран катталып, 10-январда 1 млн. 395 миң 513 киши шайлоого келди. Бул шайлоочулардын 39,16% түзөт.

«Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 37-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» мыйзамдын 7-18-беренелерине ылайык, БШК Кыргызстан башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) болуп өттү деп таануу жөнүндө токтом кабыл алды.

Количество просмотров: 44