• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Референдум: Шайлоочулардын көпчүлүгү президенттик башкарууну тандашкан

10 Үчтүн айы 202120:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-январда Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо үчүн референдум өттү.

Алдын ала маалыматка караганда, референдумга 1 млн 178 миң 656 шайлоочу катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 33,08 пайызын түзөт.

Автоматтык эсептөө урналардын алдын ала маалыматы боюнча, президенттик башкаруу формасына – 81,5%, парламенттик башкаруу формасына 10,59% жана бардык варианттарга каршыга – 4, 39% добуш берилген.

Референдумдун жыйынтыгын тааныш үчүн жалпы шайлоочулардын эң аз 30 пайызы добуш бериши керек болчу.

Референдумга катышууга 3 млн 563 миң 574 катталган.

Количество просмотров: 73