• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Референдум жана шайлоодо 11 миңден ашуун милиция коомдук коопсуздукту сактайт

30 Жалган куран 2021 10:18 Бишкек Govori.TV

Шайлоо жана референдум күнү 11 миңден ашуун кызматкер коомдук коопсуздукту сактайт. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов билдирди.

Анын айтымында, ИИМ шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө ыкчам кырдаалды анализдөө менен бирге мыйзамдуулукту сактоо багытында мыйзам чегинде ыкчам чечимдерди кабыл алууну уюштурат.

«Республика боюнча шайлоо участкаларында коомдук тартипти 11 миңден ашуун милиция кызматкери камсыздайт. Ар бир шайлоо участкаларында милиция
кызматкерлери жана жооптуу жетекчи бекитилди. учурунда жарандардын укугун жана коопсуздугун, коомдук тартипти сактоо менен гана ишмердүүлүгун жүргүзүп, шайлоо участкаларынын көзөмөлдөп, тартип бузууларды болтурбоо, анын алдын алуу иштерин күчөтүп, шайлоо комиссияларынын ички ишине кийлигишпөө тапшырмалары берилди. 5-апрелден тарта добуш сатып алууларга бөгөт коюу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт. ИИМ кызматкерлеринен сырткары 6 миңдей элдик кошуундун өкүлдөрү тартылат»,-деди ал.

Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум үчүн добуш берүү 11-апрелде өтөт.

Количество просмотров: 53