Алдын ала референдум өттү деп эсептөөгө болот, — деп билдирди брифингдин жүрүшүндө КР Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова.
Ал бардык добуштар эсептелгенден жана арыздар менен кайрылуулар каралгандан кийин акыркы жыйынтык чыга тургандыгы айтты.
Алдын ала маалыматка караганда, референдумга 1 млн 379 миң 003 шайлоочу катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 38,08 пайызын түзөт.
Президенттик (1 119 371) 81.23%
Парламенттик (149 663) 10.86%
Баарына каршы (61 038) 4.43%
Эскерте кетсек, 3 млн 563 миң 574 жаран шайлоо укугуна ээ.