• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Референдумга каршы митингдин катышуучулары парламентти таркап кетүүгө чакырышууда

9 Бештин айы 2020 13:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-декабрда жарандык коомдун айрым өкүлдөрү Жогорку Кеңештин алдына референдум өткөрүүгө каршы акцияга чыгышты. Акцияга Рита Карасартова, Динара Ошурахунова, Өндүрүш Токтонасыров, Нурбек Токтакунов жана башка активисттер, юристтер катышууда.

Алар референдумдун өтүүсүнө нааразылыгын билдирип, бийликке бир катар талаптарды коюшууда. Активист Өндүрүш Токтонасыровдун айтуусунда алтынчы чакырылыштын депутаттарынын референдум өткөрүү тууралуу маселени кароого моралдык укуктары жок. Ошондой эле митингдин катышуучулары парламентти таркап кетүүгө чакырышууда.

Жарандык коомдун бир катар өкүлдөрү мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү жөнүндө референдум өткөрүүгө каршылыгын билдирип, жекшемби сайын пикет, митинг, жүрүш уюштуруп келатышат. Алар өлкөдө авторитардык башкаруу, диктатура орнойт деп кооптонушууда.

9-декабрдагы жалпы отурумунда Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Долбоорго депутаттар Өмүрбек Текебаев, Рыскелди Момбеков, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко «каршы» добуш берди. Жыйынга катышып жаткан башка депутаттар документти колдоду.

Количество просмотров: 71