• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Реформа» партиясы «Кыргызстан», «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» партияларынын жоюлушун талап кылууда

17 Тогуздун айы 2020 15:18 Бишкек Govori.TV

«Реформа» партиясы «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» партияларынын жоюлушун талап кылды. Бул тууралуу аталган партиянын расмий баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, «Реформа» саясий партиясы «Биримдик», «Кыргызстан», «Мекеним Кыргызстан» партияларынын жоюлушун талап кылып, Юстиция министрлигине 2020-жылдын 16-октябрында арыз жазган.

«Кыргыз Республикасынын «Саясий партиялар жөнүндөгү» мыйзамдын 2-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө мажбурлаган, Кыргыз өлкөсүнүн бүтүндүгүн бузуу ошондой эле Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүмүнө каршы келген иш-аракеттерди жасаган партиялардын түзүлүшүнө жана ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө жол берилбейт. Буга байланыштуу «Биримдик», «Кыргызстан», «Мекеним Кыргызстан» партиялары 2020-жылдын 4-октябрында шайлоочулардын добушун сатып алуу, алдын ала белги коюлган бюллетенди колдонуу, шайлоочуларды коркутуу, паспортторун тартып алуу, өз көзөмөлдөрү астында добуш берүүчүлөрдүн шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү сыяктуу мыйзамсыз иш-аракеттерди жасашты. Мындай кадамдары менен аталган партиялар мамлекеттин демократиялык негиздерин бузушту. Аталган партиялар Кыргыз өлкөсүнүн Конституциясында көрсөтүлгөн мыйзамдарын жана шайлоо жөнүндө мыйзамды одоно түрдө бузду деп эсептейбиз. Ошону бирге алар Кыргыз өлкөсүнүн демократиялык имиджине шек келтирди. Жогоруда айтылгандарды негиз кылуу менен Кыргыз Республикасынын «саясий партиялар жөнүндөгү» мыйзамынын 15-беренесинин 5 абзацына ылайык, «Биримдик», «Кыргызстан», «Мекеним Кыргызстан» партияларынын таркатылышы тууралуу соттон көрсөтмө чыгарылып берилишин суранабыз», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 167