• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Реформа» жана «Ата Мекен» партиялары биригет

2 Аяк оона 2021 16:54 Бишкек Govori.TV

“Реформа” партиясы жана «Ата Мекен» партиясы шайлоого бирге барат. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынан кабарлашты.

Алардын айтымында, эки партия сүйлөшүулөрдү өткөргөн соң кошулуп, биргелешип иш алып баруу чечимин кабыл алышкан.

Белгилей кетсек, өлкө башчысы Садыр Жапаров 29-августта парламенттик шайлоонун күнүн 28-ноябрга белгиледи. Буга чейин депутаттарды шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 36 депутат бир мандаттуу округдан, 54ү преференциалдык (партияга жана анын тизмесиндеги талапкерге добуш берүү) система менен шайланат.

Шайлоого катыша турган партиялар билдирмесин БШКга 3-сентябрга чейин тапшырышы зарыл. Азырынча 18 партия шайлоого катышуу ниетин билдирди.

Количество просмотров: 242