• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Региондордогу ооруканалардын абалы мышык ыйлачудай…

4 Баш оона 2020 17:29 Бишкек Govori.TV

  
Элдин ден-соолугу чың болсо, коомдун көйгөйү азыраак болот. Бирок бүгүнкү күндө пандемия шартында региондордогу бейтаптарды даарылоочу жайлар мышык ыйлачудай абалда экени кейитет. Алсак, Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылында жайгашкан үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты оор абалда. Эскилиги жеткен бул имарат  1958-жылы курулган экен. Кейиштүүсү, андан бери 62 жыл өтсө дагы бир да жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.

Ошол эле учурда аталган айылда кадр жетишсиз, ооруканалар талапка жооп бербей турганын Govori.TVга Нарын облусуна караштуу  Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айылынын айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Учугенова билдирди.

Анын айтымында, пандемия шартында Саламаттык сактоо министрлиги алыскы региондордогу айылдарга такыр көңүл бурбай жатат.

«Биз дотацияда отурган айыл өкмөттөргө киребиз. Жергиликтүү тургундарды дары-дармек  менен камсыз кылууга каражат жетишсиз. Бүгүнкү күндө айылга күндүзгү стационар ачууда койка-орундарды, медициналык керектүү жабдыктарды демөөрчү издеп, элдин акчасына даярдадык. Бизге райондук оорукана менен ФОМСтон дагы жардам болгон жок. Бүт баардыгын элдин күчү менен уюштурдук. Бишкекке эмне деген гуманитардык жардамдар келип жатат, бирок ошол жардамдар алыскы айылдардын ооруканаларына жеткен жок. Керек болсо, айылда ооруган бейтаптарды райондук ооруканага алып кеткенге «Тез жардам» унаасы жок. Айлабыз кеткенде түндөсү айыл өкмөттүн калдыраган «Нива» унаасын айдап жөнөйбүз»,-деди Учугенова.

Ошондой эле Учугенова, айылдагы күндүзгү стационарларда иштеген дарыгерлер март айынан бери бейтаптарды дарылап жатканын, бирок айлык маянасы аз экенин айтты.

«Азыр COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптарды дарыланган “кызыл зонада” иштеген дарыгерлерге кошумча каражат төлөнүп жатканы маалым. Ал эми айылдык ооруканалардагы күндүзгү стационарда иштеген медкызматкерлер деле жаздан бери 160га чукул бейтапты кабыл алды. Анын 70ден ашууну пневмония илдетине шектүү деп дарыланды. Демек, биздин дарыгерлер дагы «кызыл зонада» иштегендердин катырында болушу керекда, кошумча каражат төлөнсө болмок»,-деди айыл өкмөт башчы.

Айыл өкмөтү айылга жаңы имарат куруу үчүн Саламаттык сактоо министрлигине буга чейин кат жолдогонун бирок тийиштүү жооп болбогонун кошумчалады. Учугенова эгерде пандемиянын экинчи толкуну боло турган болсо, тоолуу райондо жайгашкан ооруканалардын дааярдыгы жок экенин белгиледи.

«Саламаттык сактоо министрлиги тоолуу аймактарда коронавируска каршы аракеттер кандай жүрүп жатат? Ооруканалардын абалы кандай? Авариялык абалга кептелген имараттарды эске алып текшерүү жүргүзсө болмок. Себеби бизде кыш узак болот. Эпидемиологиялык абал мындан ары кандай боло турганы али белгисиз. Эгерде экинчи толкун болсо бизде даярдык жок»,-дейт ал.

Айыл тургундарынын көйгөйлөрү жогору жака жетип, жакынкы арада жаңы салынган имаратты сүрөтү менен камтып, жакшы жаңалык катары Govori.TV сайты аркылуу бөлүшүп калабыз деген тилек менен маекти жыйынтыктадык.

Количество просмотров: 1096