• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Реконструкциядан өткөн Фучик паркынын былыктары чыкты

11 Бирдин айы 2021 14:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы 2017-жылы реконструкциядан өткөн Юлиус Фучик атындагы паркына келтирилген чыгым жарым миллион сомдон ашык. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда журналист Адиль Турдукулов билдирди.

Анын айтымында, “Жаштар”, “Фучик” жана “Карагачевая роща” парктарын оңдоп-түзөөдөн кийинки абалын иликтөө үчүн 1 жыл убакыт сарпташкан.

«Жогоруда аты аталган сейил бактарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн 2017-жылы мэр Албек Ибраимовдун тушунда мамлекттик бюджеттен 90 миллион сом бөлүнгөн. Ар бир сейил бакка 30 миллион сомдон айланган. Ал эми парктарды жаңылоо иштерин Ленин райондук администрациясы аткарган. Бирок көп суммадагы каражат жумшалганы менен оңдоо иштери сапаттуу жүргөн эмес. Алсак, парктын ичине 2 ажаткана 700 миң сомго салынып, 3 жылдан бери иштебей турат. Жарык берүүчү мамылардын ар бири 28 миң сомдон сатылып алынган. «Бишкексвет» ишканасы анын баасы 18 миң сом экенин кабарлады. Оңдоо иштеринин алкагында бир канча чарчы метр жер асфальтталбай калган. Орнотулган видео камералар иштебей турат. Бул маселенин тегерегинде териштирүү жүрсүн деген максатта УКМКга, Башкы прокуратурага кайрылдык»,-деди Турдукулов.

Количество просмотров: 295