• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ректорлорду шайлоо мыйзамы талкууланат

11 Кулжа 2018 10:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 11. 06. 2018. Govori.TV
“Жогорку окуу жайларынын ректорун шайлоо демократиялык принциптерге каршы келет. Андыктан, шайлоонун мыйзамдарын өзгөртүү кажет”. Мындай демилге менен Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар жаңы мыйзам долбоорун бүгүн Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча ЖКнын комитетинде 2-окуудан талкуулашат.
Мыйзам долбоорунун негизги мааниси буга чейин ЖОЖдордо ректорду шайлоодо алдыңкы добуштарды алган үч талапкер Өкмөт башчысынын кароосуна жиберилип келсе, мындан ары  окуу жайдын окутуучулар жамаатынын 50 пайыздан ашыгынын добушун алган талапкер гана ректор болуу укуна ээ болот.
Эске сала кетсек, буга чейин Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде, И. Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинде алдыңкы добушту алган талапкерлер премьер-министр тарабынан четке кагылып,  алдыңкы үч илтиктин эң аз добушун алган талапкерлер ректорлукка бекитилген эле. “Мындай шайлоо калыс эмес чечим, коррупциялык, тааныш-билиштик факторлор менен коштолот”,-дейт демилгечилердин бири депутат Жыргал Турускулов.
Количество просмотров: 39