• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Рэпер Канье Уэст президенттик шайлоого катышууга арыз берди

17 Теке 2020 9:38 Бишкек Govori.TV

Рэпер Канье Уэст АКШдагы президенттик шайлоого катышууга арыз жазып, 35 миң доллар өлчөмүндө каттоо төлөмүн төлөдү.

Бул тууралуу Associated Press агенттиги билдирди.

Уэст документтерин Оклахома штатынын шайлоо комиссиясына тапшырды. Анын арызы кабыл алынып, каралууда.

Арыздагы маалыматтарга ылайык, Канье Уэст «Канье 2020» комитетинин талапкери болот. Анда партиясы катары BDY көрсөтүлгөн. Июлдун башында рэпер кайсыл бир партиянын атынан чыкпай турганын, өз алдынча партия түзүп, аны The Birthday Party (туулган күн партиясы же туулган күндүн урматына майрам) деп атай турганын билдирген.

Канье Уэст президенттик шайлоого талапкерлигин коёрун 4-июлда, АКШнын эгемендүүлүк күнүндө «Твиттердеги» баракчасына жазган. Бир нече сааттын ичинде анын билдирүүсү менен жүз миңдеген колдонуучу бөлүшүп, жактыруу белгисин басышкан. Рэпердин бул чечимин Илон Маск да колдогон.

Канье Уэст – белгилүү америкалык рэп-аткаруучу. Буга чейин бир нече жолу президент Дональд Трамп менен жолугуп, аны колдой турганын айткан. Президент рэперди 2018-жылы Ак үйдө кабыл алган.

Количество просмотров: 57