Социалдык тармактарда репост жасоо дагы административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу болуп эсептелиши мүмкүн. Бул тууралуу БШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаев Биринчи радионун эфиринде билдирди.
«Мессенджерлерден видео, сүрөт кетирсе дагы агитация болуп саналат. Мисалы, жетекчиси «лайк» басса, башкалар ээрчиши мүмкүн. Ошондуктан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди агитацияга катышпоого чакыруудабыз», — деген ал.
Жылкыбаев мамкызматкерлер тарабынан административдик ресурсту колдонууга кирген аракеттерди тизмектеген:
▪️белгилүү бир талапкерге жай же зал бөлүп берүү
▪️талапкерлер үчүн агитация жүргүзүүдө ар башка шарт түзүү
▪️талапкерлердин сүрөт, видеолорун мессенджерлер аркылуу таратуу
▪️социалдык тармактарда лайк же репост жасоо
▪️маморган өкүлдөрүнүн белгилүү бир талапкер менен гана жолугушуу өткөрүүсү