• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Республика боюнча 28 миң 592 адам үй карантининде

4 Бугу 2020 16:23 Бишкек Govori.TV

Республика боюнча үй карантининде 28 592 адам бар. Бул тууралуу Өмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Вирус жуктурду деп шектелгендерди инфекциянын инкубациялык мезгилинде оолак кармоо үчүн даярдалган обсервациялык жайларга 9 миңден ашык адам жайгаштырылган, алардын ичинен 7 202 адам медициналык кароонун жыйынтыгы менен үйлөрүнө карантинге жиберилген.

Мындан тышкары атайын медициналык көрсөтмөлөрдү эске алуу менен айрым жарандар, анын ичинде чет өлкөдөн келгендер обочолонуу режимине же үй карантинге алынган. Бул учурда карантинге алынгандардан башка адамдар менен байланышпай турганы жөнүндө жазуу түрүндө милдеттенме алынат.

«Жалпы республика боюнча обочолонуу режимине (үй карантин) бардыгы болуп 83 638 адам алынган. Учурда алардын ичинен 28 592 адам үй карантинде, 55 046 адам карантинден чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 90