• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Республика боюнча вирусту 15 жашка чейинки 84 бала жуктурган

27 Чын куран 202010:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 695 адамга жетти. Бул тууралуу өкмөттөгү эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча вирусту 15 жашка чейинки 84 бала жуктурган. Анын ичинде 1 жашка чейинки 4 наристе бар.

Коронавирус жуктургандардын жаш курагы:

  • 16 жаштан 19 жашка чейин – 19;
  • 20 жаштан 35 жашка чейин – 191;
  • 36 жаштан 55 жашка чейин – 248;
  • 56 жаштан жогору – 153.
Количество просмотров: 132