• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

“Республика” партиясынын лидери болуп Мирлан Жээнчороев шайланды

20 Бештин айы 2019 12:10 Бишкек Govori.TV

Бишкекте “Республика” саясий партиясынын кезексиз съезди өтүүдө. Жеринен кабарчыбыз билдиргендей, “Республика” партиясынын лидери болуп Мирлан Жээнчороев шайланды.

Съездге «Республика» партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабанов жана аталган партиянын  бардык депутаттары катышууда.

Съездин жүрүшүндө партиянын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабановго сөз берилди. Бабанов өз сөзүндө партиянын түптөлүшүнө салым кошкон Бакыт Төрөбаев, Руслан Казакбаев, Алтынбек Сулайманов, Канат Исаевге ыраазычылык билдирди.

«Мен дайыма Республика партиясынын мүчөсү болгонума сыймыктанам. Себеби биздин республикачылар өзгөчө тартиптүү. Жакында партиянын түзүлгөнүнө 10 жыл толот. «Республика» партиясы элдин эсинде кала турган тарыхый иштерди жасады»,-деди Бабанов.

Мындан сырткары, саясий кенештин жаңы курамы шайланып, ага Мирлан Жеенчороев, Максат Сабиров, Руслан Казакбаев, Кенжебек Бокоев баш болгон 13 киши кирди.

Количество просмотров: 783