• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Таласта 1 млн долларга имарат салынып, ачылышына Ташиев, Шакиев, Бабанов барды

28 Жетинин айы 2023 15:52 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Талас облусунун Айматов районундагы Аманбаев айылына иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Иш сапардын алкагында депутаттар жана Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган тиешелүү жетекчилер менен бирге Аманбаев айыл өкмөтүнүн жаңы имаратынын ачылышына катышты.

«Жалпы аянты 780 чарчы метрди түзгөн имараттын курулушу үстүбүздөгү жылдын 1-июнунда башталып, демөөчүлөр тарабынан 1 млн АКШ долларынан ашуун каражат сарпталган. Бардык шарты менен курулган заманбап имаратта жергиликтүү бийлик менен катар калкты тейлөө борбору жана музей жайгаштырылат»,-деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары Шакиев жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жардам катары Жогорку Кеңештин атынан 300 миң сомдук сертификат тапшырган.

Айрым маалыматтарга таянсак, аталган имаратка Кыргызстан мурдагы өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов дагы демөөрчүлүк кылган.

Количество просмотров: 295