• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

«РИА Новости» Жапаров менен Путиндин сүйлөшүүсү тууралуу жазып, Жээнбековдун сүрөтүн жарыялады

27 Бирдин айы 2022 11:23 Бишкек Govori.TV

Орусиянын «Риа Новости» маалымат агенттиги  Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин телефон аркылуу сүйлөшкөнү тууралуу маалымат жазды.

Деген менен сүрөттө Садыр Жапаров эмес, Сооронбай Жээнбековду көрүүгө болот. Мындай көрүнүш социалдык тармактарда талкуу жаратып,  «орусиялык басылмалар өлкөдө президент алмашканын билишпейби»  деген пикирлер айтылууда.

Буга чейин президент Садыр Жапаров менен Орусиянын лидери Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшкөнү кабарланган.

Жапаров менен Путин эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алышкан.

Количество просмотров: 1476