• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Риши Сунак Улуу Британиянын премьер-министри болуп дайындалды

26 Тогуздун айы 2022 9:43 Бишкек Govori.TV

42 жаштагы Риши Сунак Британиянын премьер-министри болуп дайындалды. Мурда финансы министринин кызматын аркалаган саясатчыга 25-октябрда падыша Чарльз Үчүнчү өкмөттүн курамын түзүүнү тапшырды. Сунактын теги индиялык, ал британ тарыхында эң жаш премьер болду.

Өткөн жуманын аягында Лиз Трасс өкмөттү 44 күн башкаргандан кийин отставкага кеткен. Дүйшөмбүдө Консервативдик партия Сунакты өз лидери кылып шайлаган.

Эксперттер 2020-жылдын февралында финансы министрлигин жетектеп баштаган Сунак пандемияда ийгиликтүү иштегенин белгилешет. Быйыл июлда Борис Жонсондун саясатына макул болбой кызматынан кеткен.

Сунак мульти миллионер. Ал Оксфорд жана Стэнфорд өңдүү абройлуу окуу жайларда билим алган. Жубайы Акшату Мурти индиялык миллиардердин кызы. Жаңы премьердин эки кызы бар.

Количество просмотров: 64