Рита Карасартова чет элдик агент болуп саналат. Эгерде анын абийри болсо, Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп жаңы дайындалган кызматтан кетсин. Бул тууралуу “Элет көйгөйү” коомдук бирикмесинин төрайымы Марипа Алыйкулова маалымат жыйында билдирген.
Ал эми Рита Карасартова анын кызматтан кетүүсүн талап кылган жарандарга жооп кайтарды.
“Ооба менин уятым жок дейли. Бирок Марипа Алыйкулова айтып жатат деп мен кызматтан кетпейм. Буга жүйөлүү себеп болушу керек”,-деп билдирген Карасартова.
Белгилей кетсек, Карасартованын кызматка дайындалышы тууралуу кеп парламентте да козголгон. Анда депутат Евгения Строкова Карасартованы «бүлдүргүч» деп атап, аны жетекчи кылып дайындаган өкмөт башчыны сынга алган.