Бүгүн, 19-апрелде Кемпир-Абад иши боюнча кармалып камакта жаткан укук коргоочу Рита Карасартованын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сот отуруму белгиленген. Учурда укук коргоочу сотко жеткирилди.
Учурда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандардын ичинен жалгыз гана укук коргоочу Рита Карасартованын бөгөт чарасы анын адвокаты ооруп калганына байланыштуу карала элек.
Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган жети кишини үй камагына чыгарып, 15ин тергөө абагына калтырды. Калганы буга чейин үй камагына чыгарылган. Бул иш боюнча башында жалпы 20дан ашык киши кармалган.