Укук коргоочу Рита Карасартова Биринчи май райондук сотуна жеткирилди.
Белгилей кетсек, бүгүн анын баш коргоо чарасы каралат.
«Бир дагы кылмыш элемент жок, чындык биз тарапта»,-дейт Карасартова.
Сот имаратынын алдына бир нече жарандар чогулганын көрүүгө болот. Алар «соттор адилеттүү чечим чыгарсын», «саясий куугунтук токтосун» деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушат.
Эске салсак, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камалышкан. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.
24-октябрда Бишкекте бир катар саясатчылардын жана жарандык активисттердин камалышына каршы болгондор жөө жүрүшкө чыгышты.