• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Рязань облусунда Кыргызстандан бараткан автобус кырсыкка кабылды

17 Аяк оона 2018 8:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.09.2018.Govori.TV.
16-сентябрда Орусиянын Рязань облусунда Кыргызстандан бараткан автобус аварияга кабылганын аймактагы милицияга таянуу менен “Российская газета” басылмасы жазды.
Кырсык таңында М-5 жолунда болгон. Андан бир адам каза болуп, беш адам жаракат алган. Жабыркагандар ооруканага жаткырылды.
Алгачкы маалыматтарга ылайык, айдоочу рулду башкара албай калган. Транспорт жол четиндеги устунду сүзгөн.
Кырсыктын себептери, каза болгон жана жаракат алгандардын аты-жөнү такталууда.

Количество просмотров: 41