• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

РКӨФ “Кыргыз темир жолуна” 5 миллиондон ашык доллар бөлөт

26 Жетинин айы 202411:11 Бишкек Govori.TV

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын оңдоп-түзөө бөлүмдөрүнүн өндүрүштүк комплексин модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруу алкагында 5,2 миллион АКШ долларлык каржылоо боюнча келишимге кол коюшту.

Ишканадан билдиришкендей, бөлүнгөн каражат локомотив ДЕПОсу үчүн зарыл болгон жабдууларды сатып алууга жана модернизациялоого жумшалат.

Жогоруда аталган долбоор ишке ашырылгандан кийин калган бөлүктөр да жаңыланып, натыйжада тепловоздордун капиталдык оңдоо иштерин ишкананын өзүндө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул оңдоо иштери үчүн убакытты жана чыгымдарды бир топ кыскартууга шарт түзөт.

Количество просмотров: 120