Бишкек.19.04.2019.Govori.TV.
КРнын Улуттук банкы 2019-жылдын 15-апрелинде «Росинбанкн» ачык акционердик коомунун финасылык абалын чыңдоонун алкагында, аталган банкты 3 млд сомго капиталдаштыруу чечими кабыл алгандыгын Улуттук банктын башкы жетекчиси Толкунбек Абдыгулов бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.
Россинбанктын 95% үлүшү Улуттук банкка өтөт.
Улуттук банк «Росинбанк» ачык акционердик коомнун менеджменти тарабынан банкты киреше табуу менен камсыз кылангдан кийин өзүнүн акцияларына ээ болгон үлүшүн сатуу маселесин караштырат. Азыркы учурда аталган банкты сатуунунун ар кандай варианттары, анын ичинде эл аралык рыноктор аркылуу сатуу мүмкүнчүлүктөрү ачык каралууда.
Эскерте кетсек, Росинбактын Кыргызстан боюнча 10 дон ашуун филлиалы жана 13 кассасы катталган.