• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Россия, Беларусия жана Кыргызстандын президенттери Назарбаев ордени менен сыйланды

28 Бугу 201918:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.05.2019.Govori.TV.

Россиянын, Беларусиянын жана Кыргызстандын президенттери Казахстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин ордени менен сыйланды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлаганын казак ММКлары жазды.

«Евразия интеграция идеясынын 25 жылдыгына жана Казакстан Республикасы менен болгон карым-катнаштын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Россия Федерациясынын президенти — Путин Владимир Владимирович; Беларусь президенти — Лукашенко Александр Григорьевич; Кыргыз Республикасынын президенти — Жээнбеков Сооронбай Шариповичти «Казакстандын туңгуч президенти — Нурсултан Назарбаевдин» ордени менен сыйлансын»,- деп жазылат
Казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгында.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракелик жыйынына катышуу үчүн эки күндүк иш сапары менен Нур-Султан шаарына учуп кеткен.

Иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысынын Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев жана Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, эки тараптуу мамилелер боюнча маселелердин бардык багыттарын талкуулоосу пландаштырылган.

Количество просмотров: 30