• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Россия Борбор Азияда аскердик машыгуу өткөрүүгө камынууда

27 Баш оона 2021 11:47 Бишкек Govori.TV

Россия Борбор Азияда аскердик машыгуу өткөрүүгө камынууда. Бул тууралуу «Независимая газета» жазды.

Сентябрь айынын башында Кыргызстанда «Чек ара-2021» деп аталган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун аскерлери машыгуу өткөрөт. Бул машыгуу Афганистандагы абалга байланыштуу уюштурулат. Эксперттер аталган өлкөдө жарандык согуш башталып кетиши мүмкүн деп кооптонуп жатышат.

Ошондой эле Россияга жана анын союздаштарына Афганистандан АКШнын аскерлери чыгып кеткенден кийин «Талибандын» колуна тийген көп сандаган курал-жарак, бронетехника, учактар коркунуч жаратууда. Россиянын коргоо министрлиги КМШ жана Россияда туруксуздук жаралышы мүмкүн экенин эске алып, ага каршылык көрсөтүүгө да даярданып жатышат. Ошондуктан Кыргызстандагы «Эдельвейс» окуу-машыгуу борборунда ЖККУнун тоо егерлеринин катышуусунда машыгуу өтөт.

Буга чейин Россия афган чек арасынын жанында Өзбекстан жана Тажикстан менен биргелешип 2 машыгуу өткөргөн. Сергей Шойгу афган тараптан агрессия болсо, ЖККУнун чек араларын коргоо үчүн Россиянын Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аскер базалары дагы тартыларын айткан.

Сентябрдагы машыгууга Тыва Республикасынан Кыргызстанга 300 жоокер (тоо егерлери) жана 60тан ашуун аскер техникасы жөнөтүлүүдө. Эгерде Афганистандагы абал курчуп кетсе жана ЖККУга мүчө мамлекеттерге коркунуч жаралса, алар машыгуудан кийин Кыргызстанда калышы мүмкүн.

Количество просмотров: 110