• Шаршемби 21 Чын куран 2021

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы алмашты

18 марта 2021 в 21:59 Бишкек Govori.TV
Аалиев Азиз Кубанычбекович Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматына дайындалды. Тийиштүү чечимге Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставынын 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койгон.

Башка буйрук менен, Мамытов Нурлан Токтобекович Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматынан бошотулду.
Количество просмотров: 85