• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Россия эмгек акы жана жөлөк пулдарды төлөө үчүн Кыргызстанга 20 миллион доллар бөлүп берет

25 Бештин айы 202015:23 Бишкек Govori.TV

Россия Федерациясынын өкмөтү Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 20 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Россиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги билдирди.

Акчалар Кыргызстандын бюджетиндеги каржылык боштукту жабууга жумшалаары белгиленди. Анын ичинде бюджеттик тармактын кызматкерлерине эмгек акыны төлөө, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө пенсия жана жөлөкпулдарды төлөө, ошондой эле саламаттыкты сактоо тутумун каржылоо үчүн.

«Келишимдин долбоору кыргыз тараптан жактырылды жана жакынкы аралыкта кол коюлат», — деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 594