• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Россия Кыргызстанга ПЧР тест-системалардын топтомун берди

13 Теке 2020 23:24 Бишкек Govori.TV

Россия Федерациясы коронавирус инфекциясына каршы күрөштүн алкагында Кыргыз Республикасына гуманитардык жүк берди. 

Гуманитардык жардам катары COVID-19 инфекциясынын бар-жогун аныктоочу тест-системалардын бир нече партиясы берилди. Жалпысынан жардам иретинде 80 720 изилдөө үчүн 820  ПЧР тест-системасынын толук топтому, 24 000 изилдөөгө толук эмес 480 топтом келген. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлиги Россия Федерациясына, ошондой эле Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматына көмөктөшүүсү үчүн ыраазычылык билдирип, коронавирус инфекциясы менен мындан аркы күрөшүүдө жемиштүү кызматташууга ишеним көрсөтөт. 

Количество просмотров: 80