Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков коронавирус жугузуп алды. Бул тууралуу ал ТАСС маалымат агенттиги жазып чыкты.
Андан тышкары, Песковдун жубайы, муз үстүндөгү бий боюнча Дүйнөлүк олимпиаданын жеңүүчүсү, белгилүү спортчу айым Татьяна Навкада коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Алар азыр ооруканада жаткандыгы айтылды.
Өткөн айдын аягында орус премьер-министри Михаил Мишустинге да коронавирус жукканы белгилүү болгон. Өкмөт башчынын милдетин убактылуу аткаруу биринчи вице-премьер-министр Андрей Белоусовго жүктөлгөн.
Россияда соңку бир күндүн ичинде COVID-19 жуккан дагы 10 899 адам аныкталды. Ооруга чалдыккандардын саны 232 миңден ашты жана мындай көрсөткүч менен Россия АКШдан кийинки эле экинчи өлкө болуп калды.