• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Россияда 10 сааттан ашык тынымсыз иштегенден кийин кыргыз жигит каза болду

20 Чын куран 201920:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 20.04.2019.Govori.TV.

Россияда курьер болуп иштеген кыргыз жигит 10 сааттан ашык тынымсыз иштегенден кийин каза болду. Бул тууралуу орус сегментиндеги социалдык тармактардын колдонуучулары жазышууда. Маалыматта жигиттин жүрөгү чыдабай кетип, көчөдөн жыгылган.

Маалыматтарга ылайык, «Яндекс еда» тамак-аш жеткирүү кызматында иштеген 20 жаштагы Артык Орозалиевден жетекчиси заказдарды мүмкүн болушунча эрте жеткирүүнү талап кылган. 10 саат тынымсыз иштеген Орозалиев велосипединен жыгылып түшүп каза болуп калган. Анын өлүмүнө жүрөк оорусу себеп болушу мүмкүн экендиги айтылууда.

Аталган маалыматты Орусиядагы Кыргыз элчилигинин басма сөз кызматы да тастыктады.

«Орозалиевдин каза болушунун себеби боюнча азырынча так маалымат жок. Дайындалган экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Ал досу менен сүйлөшүп турган учурда эс-учун жоготуп, велосипедден жыгылган», — деди басма сөз кызматкери.

Булак: super.kg

Количество просмотров: 17