Бишкек.15.07.2019.Govori.TV.
Россиянын Красноярск шаарында 18 жаштагы кыргызстандык жигит сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу «Новости Красноярска» басылмасы мамлекеттик «Спасатель» мекемесине шилтеме берүү менен жазды.
Басылманын маалыматы боюнча, окуя Красноярскка жумуш боюнча барган кыргызстандык жигиттер эс алып жатканда болгон.
«Эс алуучулардын бири — 18 жаштагы жигит дарыядан сүзүп өтүүгө аракет жасап, бирок аны суу агызып кеткен. Достору ага жардам бере албай, куткаруучуларга кайрылышкан», — деп айтылат маалыматта.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшкөн. Кийинчерээк аларга жаш жигиттин денеси жээкке чыгып, аны эс алуучулар тапканы тууралуу маалымат түшкөн.