Бишкек.04.06.2019.Govori.TV.
Россиянын Красноярск крайында өткөн грек-рим күрөшү боюнча мелдеште Кыргызстандан барган команда байгелүү орунду ээледи. Бул тууралуу машыктыруучу Ильяс Асаналиев билдирди.
Анын айтымында, 31-майдан 2-июнга чейин өткөрүлгөн мелдешке жалпы 20 команда катышып, Кыргызстандын атынан барган Жети-Өгүз районунун командасы ийгиликке жетишти.
«Мелдешке 35 кг салмактык категория боюнча чыккан Умар Ишембеков чемпион аталса, 32 кг салмактык категория боюнча катышкан Ислам Темирбеков жана Түлөбай Шергазиев 1-орунду ээлешти. Ал эми 38 кг салмактык категория боюнча Элдос Замиров 3-орунга ээледи», — дейт ал.
Булак: turmush.kg