• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

ТИМ: Россияда кыргыз жана өзбек жарандарын өрттөп салышты деген маалымат тактала элек

7 Бирдин айы 201916:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 07.02.2019. Govori.TV.

«Орусиянын Магнитогорск шаарында кыргызстандык жана өзбекстандык жарандарды атып өлтүрүп, өрттөп кетишти»,-деген маалымат тарагандан улам тышкы иштер министрлиги бул боюнча билдирүү таратты.

«Бул маалыматты тактоо үчүн Екатеринбургдагы КРдин башкы консульствосу тарабынан Магнитогорск шаары боюнча Россиянын ИИМине атайы сурамжылоо жиберилген. Буга ылайык укук коргоо органдары тарабынан каза болгон жарандар кыргыз жарандары экендигин тастыктаган эч кандай түшүндүрмө бериле элек»,-деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин айрым маалымат каражаттары
Магнитогорск шаарында кыргызстандык жана өзбекстандык жарандарды атып өлтүрүлүп жана алардын денелери кичи автобус менен кошо өрттөлгөнун жазышкан.

 

Количество просмотров: 14