• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Россияда кыргыз жараны ур-токмокко кабылып, каза тапты

4 Бугу 201912:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.05.2019.Govori.TV.

Санкт-Петербург шаарында 3-майга караган түнү кыргыз улутундагы жарандын жансыз денеси табылган. Бул маалыматты Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

Каргашалуу окуя Яковлев көчөлөрүнүн бириндеги хостелде болгон. Күбөлөрдүн айтымында, белгисиз себептерден улам уруш башталып, 30 жаштагы кыргыз жараны сабалган.

Натыйжада тез жардам келип, маркумду сактап кала алышкан эмес. Бул факты боюнча шектүү катары эки адам кармалып, учурда Россиянын Москва районунун полициясы иликтөө иштерин баштады.

Количество просмотров: 17