• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Россияда кыргызстандык өз өмүрүн тобокелге салып, кичинекей баланы сактап калды

15 Баш оона 202413:09 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык Аман Батырбеков Россиянын Нижневартовск шаарында 3 жашар баланы аман алып калды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазды.

Маалыматта айтылгандай, баланын апасы аны керебетке байлап, үйгө жалгыз таштап кеткен. Ал эми бала терезе ачык болгондуктан, ал жакка чыгып алган.

Батырбеков 9-кабаттан 8-кабатка аркан менен түшүп, баланы куткарып, полициянын келишин күткөн.

Полиция кызматкерлери мекендешке ыраазычылык билдирген.

Количество просмотров: 372