• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Россияда кыргызстандык жаран жол кырсыгынан каза болду

31 Жалган куран 202415:14 Бишкек Govori.TV

Россияда кыргызстандык 50 жаштагы Ж.Г.М. атуу жаран жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Каргашалуу окуя 29-мартта Челябинск – Троица унаа жолунун 93-чакырымында катталган.

Кыргызчтандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу каза болгон жарандын жакындары менен байланыш түзүп, тийиштүү консулдук-укуктук жардам көрсөттү.

Учурда маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү маселеси иштелүүдө.

Количество просмотров: 97