• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Россияда Кыргызстандын эки жараны баңгизат таратууга шектелип жатат

7 Тогуздун айы 2019 16:36 Бишкек Govori.TV

 Россиянын Нижневартовск шаарында Кыргызстандын эки жараны баңгизат таратууга шектелип жатат.

Тергөө комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, 17 жана 22 жаштагы кыргызстандык жарандар Нижневартовск шаарынын аймагындагы жашыруун жайда баңгизат жасашкан. Сентябрь айында полиция кызматкерлери ушул сыяктуу жашыруун жердин бирин табышкан.

Кармалган жаш жигиттер абакка камалды. Аларга карата Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси (ири өлчөмдө баңгизаттык каражатты сатууга аракет кылуу) боюнча айып тагылды. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 125