• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Россияда мигранттардын балдарын бекер окутууну жокко чыгаруу сунушталууда

9 Аяк оона 202412:08 Бишкек Govori.TV

Орусияда мигранттардын балдарын бала бакчаларда жана мектептерде акысыз окутууну жокко чыгарган мыйзам долбоорун Мамлекеттик думага киргизүү пландалууда.

ТАСС агенттиги кабарлагандай, идеянын автору – Мамдуманын эмгек жана социалдык саясат боюнча комитетинин башчысы Ярослав Нилов. Ал «чет элдик балдарды орус бюджетинин эсебинен окутуу боюнча кайрымдуулук эпопеясын аягына чыгарууга мезгил келди» деп эсептейт:

«Чет элдик ата-энелер кааласа балдарын коммерциялык негизде биздеги билим берүү мекемелерге жайгаштырышсын. Өзүнчө коммерциялык класстарды түзүшсүн. Биздин балдар чет элдик жумушчулардын балдарынын ашыкча көп болушунан жапа чегип калбашы керек».

ТАСС идеянын авторлору акыркы жылдары бир катар КМШ жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген мигранттардын балдарынын саны бала бакчаларда жана мектептерде кескин көбөйүп кеткенине тынчсызданып жатканын жазат.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 97