• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Россияда мигранттарга уруксат кагазы жок 15-июнга чейин иштөөгө уруксат берилди

19 Чын куран 2020 13:49 Бишкек Govori.TV

Россиянын президенти Владимир Путин эмгек мигранттары үчүн бир катар жеңилдиктерди берген буйрукка кол койду. Бул тууралуу орус басылмалары жазышат.

Ага ылайык, Орусияда калган чет элдик жарандар июнь айына чейин мөөнөтү бүткөн документтер менен жүрө алат.

«Виза жана башка документтердин мөөнөтүн узартпастан, Орусиянын аймагында 15-июнга чейин жүрүүгө уруксат берилет, башкача айтканда 15-июнга чейин Орусиядагы чет элдик жарандар депортация болбойт. Эмгек мигранттары уруксат кагаздары жок эле жумушка кабыл алына берет. Бирок бул учурда жумуш берген тараптын чет элдик жарандарды жумушка тартуу боюнча уруксат документтери болушу шарт», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 486