• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Россияда мобилизацияга каршы акцияларда 1400дөн ашык киши кармалды

22 Аяк оона 2022 9:46 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Москва жана Санкт-Петербург шаарларында өткөн мобилизацияга каршы акцияларда жүздөгөн киши кармалды.

Москвада Старый Арбатка, Санкт-Петербургда Исаакиев соборунун алдына чогулгандар «Балдарыбызга жашоо», «Путинди окопко» жана «Согушка каршыбыз» деп кыйкырышты.

«ОВД-Инфо» укук коргоо уюмунун Москва убактысы боюнча саат 01:00гө карата жарыялаган маалыматына ылайык, Санкт-Петербургда мобилизацияга каршы акцияга чыккан 537, Москвада 535 киши кармалды. 21-сентябрда мындай акциялар Орусиянын 38 шаарында өтүп, өлкө боюнча кармалгандардын жалпы саны 1410 жетти.

21-сентябрь күнү эртең менен Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө жарым-жартылай мобилизация жарыяланганын билдирген. Путиндин артынан эле мамлекеттик медиаларга маек курган Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу мобилизациянын алкагында 300 миңдей адам аскерге тартыларын айтты. Министр армияга негизинен запастагылар жана аскердик кызматтан өткөндөр чакырыларын, алар кошумча даярдыктан өткөрүлөрүн кошумчалады.

20-сентябрда Мамлекеттик дума өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексин «мобилизация», «аскердик абал», «аскердик мезгил» деген түшүнүктөр менен толуктап, дезертирлердин жазасын катуулата турган, өз ыктыяры менен туткунга түшкөндөргө, талап-тоноочулукка баргандарга жана коргонуу тармагындагы мамлекеттик буйрукту аткаруудан баш тарткандарга жаза мөөнөттөрүн аныктаган. Анда бул мобилизацияга даярдык катары сыпатталган.

Количество просмотров: 365