• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Россияда октон жаракат алган кыргызстандык ооруканага түштү

19 Үчтүн айы 2022 9:59 Бишкек Govori.TV

Санкт-Петербургдун түштүгүндө 41 жаштагы Кыргызстандын жаранынын катышуусунда травматикалык тапанчаны колдонуу менен болгон чыр-чатак тууралуу массалык маалымат каражаттарына чыккан маалыматка байланыштуу Элчилик маалымат тартты.

Маалыматта айтылгандай, 2021-жылдын 16-январында автосервистин кызматкери болуп саналган Кыргыз Республикасынын жараны менен автосервистин кардарынын ортосунда чыр чыгып, анын жүрүшүндө кардар тарабынан ок атылган. Жабыркаган кыргызстандык оң жаагынан травматикалык жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, ага «Бейбаштык» боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Кошумчалангандай, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы Канцеляриясы Санкт-Петербург шаарынын укук коргоо органдарына тиешелүү суроо-талаптарды жөнөттү.

Количество просмотров: 81