Бүгүн, 7-декабрда Москвада Орусиянын Мамлекеттик Думасынын имаратынын алдында кыргызстандыктар тынчтык митингине чыгышты. Бул тууралуу маалымат Фейсбуктагы Pikir.kg баракчасынына жарыяланды.
Маалыматка караганда, акцияга чыккандар президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун Москвага болгон иш сапарынан улам чогулушкан. Алар Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү легитимсиз экенин белгилеп, тарап кетүүнү талап кылышкан.
Белгилей кетсек, Мамытов бүгүн Орусияга иш сапар менен барган.