• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Россиядагы кыргызстандыктар добуш берүүгө катышып жатат (видео)

10 Үчтүн айы 2021 15:01 Бишкек Govori.TV

Россиянын Москва шаарындагы №9017 шайлоо участогунда кыргызстандыктар добуш берүүгө катышып жатат. Бул тууралуу Зулпидин Нурматов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу түз алып көрсөттү.

Анда шайлоо тилкелериндеги ыктыярчылар добуш берүүгө келген жарандарга билбеген суроолорун түшүндүрүп берип жатканын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, Москвада 5 шайлоо участогу ачылган.

Алар:

  • № 9001 шайлоо тилкеси — Москва шаары, Большая Ордынка көчөсү 64 (Добрынинская метросу) дареги боюнча Орусия Федерациясындагы Кыргыз Элчилигинин аймагында. Большая Ордынка 62/1 дарегиндеги Большая Ордынкадагы кафенин имаратында. Фамилиялары А тамгасынан Б тамгасына чейин башталган жарандар.
  • № 9005 шайлоо тилкеси — Орусия Федерациясындагы Кыргыз Элчилигинин аймагында Москва шаары, Большая Ордынка көчөсү 64 (Добрынинская метро станциясы). Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн имаратында. Погорельский тилкесинен кирүү керек. Фамилиялары В тамгасынан К тамгасына чейин башталган жарандар.
  • № 9015 шайлоо тилкеси — Орусия Федерациясындагы Элчиликтин аймагында, Москва шаары, Большая Ордынка көчөсү 64 (Добрынинская метро станциясы). Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн имаратында. Погорельский тилкесинен кирүү керек. Фамилиялары Л тамгасынан М тамгасына чейин башталган жарандар.
  • № 9016 шайлоо тилкеси — Житная көчөсү 6/8 дарегиндеги № 627 мектептин аймагында (Добрынинская метросу). Фамилиялары Н тамгасынан С тамгасына чейин башталган жарандар.
  • № 9017 тилкеси — Житная көчөсү 6/8 дарегиндеги № 627 мектептин аймагында (Добрынинская метросу).
Количество просмотров: 190