• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Россиядагы мобилизация. Элчилик мигранттарга эскертүү таратты

21 Аяк оона 2022 16:53 Бишкек Govori.TV

Элчиликтин 21-сентябрдагы билдирүүсү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасы тарабынан Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө үчүн контракт түзгөн чет өлкөлүк жарандардын Россиянын жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен алуусун караган мыйзам актыларынын кабыл алынышына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Россия Федерациясынын аймагында убактылуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге жана куралданган кагылышууларга катышуусунда кылмыш-жаза жоопкерчилиги белгиленгенин эскертет. Мындай билдирүүнү Кыргызстандын Россиядагы элчилиги соцтармактыгы баракчасына жарыялады.

Анда айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан учурда, мүлкүн конфискациялоо менен он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.

Кыргыз Республикасынын жарандарына кандайдыр бир согуштук аракеттерге катышууга чакыруу келип түшкөн учурда, Элчилик Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө токтоосуз кайрылууну өтүнөт.

Количество просмотров: 185