• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Россиядан келген дарыгерлердин чыгымын Сулайманов каржылайт

4 Теке 202021:38 Бишкек Govori.TV

Россиядан Кыргызстанга өз ыктыяры менен жардам берүү үчүн келе жаткан кыргыз дарыгерлердин чыгымдарын  Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов каржылайт. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, бул иш-чараны Неговский атындагы жалпы реаниматология институтунун анестезиолог-реаниматологу Эльвира Өмүралиева, Нургуль Камбаралиева, Нурлис Токебаев Индира Ганди Безелова, Айжан Чыныбаева, Мирбек Асангариев, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдор уюштурган.

«Азыркы кырдаалда ар бирибиз элибиз үчүн колубуздан келген жардамыбызды аябоо — эң маанилүү. Жалпыңыздарга ден-соолук, аманчылык каалайм!» ,- деп жазды Сулайманов.

https://www.facebook.com/100003316403938/posts/3084613414992508/
Количество просмотров: 276