• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Россиядан кыргызстандык 5 бала мекенине кайтарылды

11 Кулжа 202515:55 Бишкек Govori.TV

Жашы жете элек беш кыргызстандык мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, балдар Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен кызматташтыкта кайтарды.

Алардын ичинен үчөө жакын туугандарына өткөрүлүп берилсе, калган балдар Бишкектеги адистештирилген балдар үйүнө жайгаштырылды. Балдарды үй-бүлөсү менен бириктирүү иштери улантылууда.

Министрлик балдардын укугун жана коопсуздугун коргоого өзгөчө көңүл буруп, бул багытта эл аралык уюмдар жана консулдук кызматтар менен тыгыз иш алып барууда.

Количество просмотров: 228